Жыл башынан бери 11 миңге жакын адам чет өлкөдө жумушка орношту

Жыл башынан бери 11 миңге жакын адам чет өлкөдө жумушка орношту

Жыл башынан бери 10,7 миңден ашуун кыргызстандык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин көмөгү менен чет өлкөдө жумушка орношту.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды коопсуз, мыйзамдуу жана уюшкан түрдө чет өлкөгө ишке орноштурууну камсыздоону улантууда.

Жыл башынан бери:
10 785 жаран чет өлкөдө жумушка орношту;
алардын 5 484ү – аялдар;
жумушка орноштуруу 27 өлкөдө жүргүзүлдү;
учурда 143 лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиги иш алып барууда.

Эң көп жарандар Түркияга, ошондой эле Улуу Британияга, Болгарияга жана Германияга жумушка жөнөтүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигичет өлкөгө ишке орношууда расмий уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине гана кайрылууну өтүнөт

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу