Россиядан Кыргызстанга азык-түлүк жардамы келди

Россиядан Кыргызстанга азык-түлүк жардамы келди

31-июлда Кыргызстанга Россия Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан жалпы көлөмү 1 957,3 тонна азык-түлүк жеткирилди. Анын ичинде 1 755 тонна буудай уну жана 202,3 тонна өсүмдүк майы бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Азык-түлүк жардамы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорлорунун алкагында өлкө боюнча 5 850дөн ашык аялуу үй-бүлөнү колдоого багытталат. Программалар акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурууну, ирригациялык жана ичүүчү суу инфраструктурасын калыбына келтирүүнү, бак-дарактарды отургузууну, тобокелдиктерди азайтуу максатында дарыя жээктерин бекемдөөнү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды, ошондой эле майыптуулугу бар адамдарга азык-түлүк түрүндө колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мамлекеттик санариптик базасына кирген үй-бүлөлөр Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу акчалай төлөмдөрдү алышат. Мындан тышкары, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жамааттардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорго катышканы үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 300 кг байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майы берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media