Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек – Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы, калктуу конуштардын жерлерине таандык 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнү аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 187 млн 876 миң сомго бааланган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген