Кочкордо 21 социалдык жана инфраструктуралык объект курулууда

Кочкордо 21 социалдык жана инфраструктуралык объект курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы 21 жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттинкурулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев курулуш объектилерин жеринде кыдырып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык багыттагы объектилер курулуп жатат. Мындан тышкары, райондогу сегиз объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Иш сапарынын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника алынды

“Көмүр жагуудан кутулдук”: мамлекеттик жеңилдетилген насыяга жылуулук насосун орноткон үй-бүлөнүн тажрыйбасы

Салык кызматы 10 айда бюджетке 338 млрд сомдон ашык каражат чогултту

Операцияга чейинки 2-пикир: Кыргызстандын бейтаптарына эксперттик нейрохирургия кантип жеткиликтүү болот

Жаратылыш ресурстары министрлиги колдонулган мотор майын күйгүзбөөгө чакырды