Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды.

Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту.

Мындан тышкары, Аламүдүн районунун Ленин айылында таштандыны мыйзамсыз өрттөө фактысы катталды. Бул аракет атмосфералык абанын булганышына алып келгендиктен, мыйзам талаптарына ылайык административдик айып салынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги жолдун курулушу көзөмөлгө алынды

Баткендеги жолдун курулушу көзөмөлгө алынды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагында жүрүп жаткан жол жана тротуар курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган шаардын мэринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алгач мэр А. Ганиев көчөсүндө курулуп жаткан тротуардын сапатын жана аткарылып жаткан иштерди көрүп чыкты. Бул көчөдө эки тараптуу жалпы узундугу

Нарында жайытка зыян келтирген жарандарга 45 миң сом айып салынды

Нарында жайытка зыян келтирген жарандарга 45 миң сом айып салынды

Нарын районунун Учкун айыл аймагында жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана зыян келтирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө малчылар "Жашыл Учкун" муниципалдык ишканасы бекиткен тартипти сактайбай, өрөөндөгү жаздоо жана кыштоо жайыттарына мал жаюуну

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Балдарды пайдаланып мыйзамсыз алтын жана акча алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

Ташкент облусундагы “Навои” бажы бекетинде бир аял ымыркай баласынын жалаягына 200 грамм салмактагы эки алтын куйманы аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Өзбек Республикасынын бажы комитетинен кабарлашты. Баласынын жалаягына катылган алтындан сырткары, кармалган аялдын жанында бажы көзөмөлүнө декларацияланбаган - 70 гр салмактагы зер буюмдар табылган. Алдын

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Сыны айылында 178 млн сомго каржыланган мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, анын жалпы наркы 178 млн сомду түздү. Мектептин курулушу 2025-жылы июлда башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу заманбап билим берүү имараты толугу менен