94 миң сомдук “кайрымдуулук” жасаган автоуурулукка шектүү жаран кармалды

94 миң сомдук “кайрымдуулук” жасаган автоуурулукка шектүү жаран кармалды

Ош шаарында жүк салынган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны айдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, окуя 9-июлдан 10-июлга караган түнү болгон. Шектүү үйдүн короосунда токтоп турган, эшиги ачык жана ачкычы ичинде калган унааны айдап качып кеткен.

Окуя боюнча укук коргоо органына арыз түшөөрү менен Ош шаарынын аймагына атайын "Перехват" операциясы киргизилип, автоунааны табышкан. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Н. М. аттуу жаран кармалып, мас абалында автоунаанын ачык турган эшигинен жана ачкычтын бар экендигинен пайдаланып, айдап кеткендигин билдирген.

Маалыматка ылайык, унаанын жүк бөлүгүндө жалпы баасы 94 миң сомдук токочтор бар болгон. Аны шектүү көчөдө бара жаткан элге "кайрымдуулук" иретинде таратып берип жиберген. Андан соң, автоунааны Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын көчөсүнө таштап кеткен.

Аталган факты боюнча тиешелүү материалдар катталып, мыйзам чегинде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Айрым маалымат булактары бул окуянын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, өзүнө таандык эмес унааны айдап кетип, анын ичиндеги азыктарды элге бекер таратып жиберген шектүүнү - “Ош шаарынын Робин Гуду” деп тамаша иретинде атап жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media