Финкөзөмөл соцтармактагы инвестициялык жарнамалардан сак болууга чакырды

Финкөзөмөл соцтармактагы инвестициялык жарнамалардан сак болууга чакырды

Интернет булактарында жогорку кирешелүүлүктү убада кылган, жабык инвестициялык программаларга катышууну жана кызматташуунун башка түрлөрүн сунуштаган инвестициялык жарнамалар көбөйүүдө. Мындай жарнамалар жарандарда аталган долбоорлордун ишенимдүүлүгү жана кирешелүүлүгү тууралуу жаңылыш түшүнүк жаратышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу инвестициялык чечим кабыл алардан мурда, Финкөзөмөл төмөнкүлөргө көңүл бурууну сунуштайт:

  • уюмдун мамлекеттик каттоосун жана укуктук статусуна;
  • инвестициялык иш жүргүзүүгө лицензиясы же уруксаты бар-жогуна;
  • акча салууну сунуштап жаткан адамдын тиешелүү ыйгарым укуктарына;
  • келишимдеги шарттарды, анын ичинде акча каражаттарын пайдалануу жана кайтарып берүү тартибине;
  • уюмдун финансылык абалын жана инвестициядан келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди текшерүү зарыл.
Маанилүү: КРнын мыйзамдарына ылайык, финансылык жана инвестициялык кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) боюнча кепилдиктерди, убадаларды же божомолдорду жарнамада көрсөтүүгө жол берилбейт.

Андыктан, жарнамада “жогорку” же “кепилденген” кирешелүүлүктүн көрсөтүлүшү, финансылык терминдердин жана инвестициялык инструменттердин колдонулушу уюмдун ишинин мыйзамдуулугун ырастабайт жана салынган каражаттардын сакталышына кепилдик бербейт.

 Финкөзөмөл жарандарды инвестициялык чечим кабыл алардан мурда сунушталган маалыматтарды кылдат текшерип, акча салууга байланыштуу тобокелдиктерди баалоого чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто эл аралык чуркоо марафону өттү

Ошто эл аралык чуркоо марафону өттү

Ош шаарынын күнүнө карата 27-сентябрда эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Беларусь, Непал, Индиядан жана Кыргызстандын жети дубанынан 400 адам катышты. Спортчулар Борбордук аянттан "Ак-Буура" үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка

Ишкер Media
Улуттук банкта ишкер аялдарды каржылоо боюнча Хартияга кол коюлду

Улуттук банкта ишкер аялдарды каржылоо боюнча Хартияга кол коюлду

Бүгүн Улуттук банкта ишкер аялдарды каржылоо кодексин ишке ашыруу боюнча Улуттук Хартияга кол коюлду. Документке Улуттук банк жана Кыргызстандын банктар союзу кол коюшту. Аял ишкерлерди каржылоо кодекси (WE Finance Code) - аялдар жетектеген чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейтүүгө багытталган эл аралык демилге. Кыргызстанда ал Улуттук банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейд жүрүп жатат

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейд жүрүп жатат

Бишкек шаарынын төрт районунда жерди өз алдынча ээлеп алуу жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, рейддер президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда. Текшерүү муниципалдык аймактык башкармалыктар жана конуштардын аймактарын камтыйт. Октябрь районунда №407 МАБда уруксатсыз курулуп

Ишкер Media
Ош шаарында жарандарды тейлөө боюнча заманбап комплекс ачылды

Ош шаарында жарандарды тейлөө боюнча заманбап комплекс ачылды

Ош шаарында Көкүм-Бий көчөсү, 194-195А дарегинде эки мамлекеттик мекемени бириктирген жаңы комплекс ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана мэриянын өкүлдөрү катышты. Долбоор президент Садыр Жапаровдун калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу тапшырмасынын алкагында

Ишкер Media