Яндекс Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болду

Яндекс Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болду

Яндекс Кыргызстан менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Эми компания 2026-жылдагы оюндун расмий медиа өнөктөшү катары бул иш-чаранын катышуучулары менен конокторун маалыматтык жактан колдоп, технологиялык сервис менен камсыздайт. Өнөктөштүк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктордун катышуусун ыңгайлуураак кылууга багытталган.

Коноктор Яндекс Goнун "Шаар аралык" сервисин колдонуп, "Манас" аэропортунан же Бишкектен Ысык-Көлгө чейин бара алышат. Жаңы колдонуучулар үчүн алгачкы жүрүшкө атайын арзандатуу жеткиликтүү болот. Ал эми сервистеги унаалардын бир бөлүгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата атайын брендделет.

Яндекс Карталарында атайын "Көчмөндөр оюндары" рубрикасы пайда болот – андан колдонуучулар бардык иш-чаралардын аянтчаларын көрүп, керектүү жерге чейинки маршрут түзө алышат. Ошондой эле тиркемеде ар кайсы аянттагы таймаштардын тематикалык топтому жана иш-чаралардын күн тартиби көрсөтүлөт. Негизги локациялардын бири - ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадиону - аны 3D форматында ар кандай ракурстан көрүүгө болот. Ал эми оюндун учурунда колдонуучулар авто навигациянын салттуу маршруттук белгисин - жылкы түрүндөгү белги менен алмаштыра алышат. 

Ысык-Көлдүн жээгинде сервистин 40тан ашык "Заряд ал" станциясы иштеп жатат. Аларды түз эле Яндекс Go тиркемесинен тапса болот: пауэрбанкты бир станциядан алып, түзмөктү кубаттаган соң, жолдо кездешкен башка станцияга кайтарууга болот.

Тамак-аш сервисинде улуттук тамак-аштын түрүн сунуштаган тематикалык  ишканалардын топтому болот, бул коноктор үчүн Кыргызстандын салттуу ашканасы менен ыңгайлуу таанышууга шарт түзөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт жана ага ондогон өлкөдөн катышуучулар менен коноктор келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media