Мобилдик операторлор эч качан SMS-кодду сурабайт

Мобилдик операторлор эч качан SMS-кодду сурабайт

Ош шаарында жарандарды кибер алдамчылыктан коргоо жана интернет аркылуу жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында шаардык милиция түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардын коомдук жайларында жана коомдук транспорттордо жарандарга кибер алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү тууралуу маалымат берилип, эскертүү баракчалары көрүнүктүү жерлерге илинди.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө алдамчылар жарандарга телефон чалып, өздөрүн уюлдук байланыш операторлорунун кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен SMS аркылуу келген кодду айтып берүүнү талап кылган учурлар кездешүүдө. Мындай коддорду алдамчыларга айтып берүү жарандардын жеке маалыматтарына, социалдык тармактарына жана банктык эсептерине кирүүгө алып келиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери жарандарга эскертет:

  • телефонго келген SMS-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге айтпоо;
  • банк картанын маалыматын, PIN-коддорду жана башка жеке маалыматтарды бербөө;
  • шектүү шилтемелерди ачпоо;
  • белгисиз адамдардын көрсөтмөсү менен акча которбоо;
  • өзүн банк кызматкери, милиция кызматкери же уюлдук оператордун өкүлү десе ишенбөө керек.

Шектүү жагдайларга туш болгон учурда, дароо оператордун расмий номерине кайра чалып тактоо же милиция кызматкерлерине кайрылуу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын