15-сентябрда окуу жылы башталат: мектептерде коопсуздук күчөтүлөт

15-сентябрда окуу жылы башталат: мектептерде коопсуздук күчөтүлөт

15-сентябрда Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталат. Ушуга байланыштуу билим берүү мекемелеринин айланасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ИИМ Агартуу министрлиги менен биргеликте окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жүргүзөт. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, балдар, ата-энелер жана мугалимдер арасында профилактикалык иштерди жүргүзүшөт.

Министрлик айдоочуларды мектептердин жанынан өтүүдө ылдамдыкты азайтып, өзгөчө этият болууга чакырды. Ата-энелерге балдарына жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин эскертип, мектепке чейинки коопсуз маршрутка көңүл буруу сунушталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУ өлкөлөрү менен киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт

Кыргызстан ТМУ өлкөлөрү менен киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр менен киберкылмыштуулукка, трансулуттук баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөшүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу багыттарында кызматташууну күчөтөт. Бул маселелер Казакстандын Түркстан шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Кеңешинин 5-жыйынында талкууланды. Жыйынга Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары — Аскер прокурору К.К. Байдылдаев катышты. Башкы прокуратуранын

Чүйдө заманбап тоок фабрикасы ишке кирди

Чүйдө заманбап тоок фабрикасы ишке кирди

Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында "Ак-Суу асыл тукум чарбасы" ЖЧКсынын заманбап тоок фабрикасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Фабрика өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүгө арналган иш-чаранын

Ошто мөмө-жемиштерди тоңдуруучу борбор ачылды

Ошто мөмө-жемиштерди тоңдуруучу борбор ачылды

Ош облусунун Төлөйкөн айылында "Азия Органикс" ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо багыты боюнча соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Борбор "Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстан Корея менен өнөр жай кызматташтыгын күчөтөт

Кыргызстан Корея менен өнөр жай кызматташтыгын күчөтөт

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Борбордук Азия – Корея Республикасы" форматындагы өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйында тараптар өнөр жай кооперациясы, өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки затты терең кайра иштетүү, индустриалдык парктарды өнүктүрүү, транспорт жана логистика багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашты.