Бакай-Атадагы социалдык мекемеге жаңы имарат куруу маселеси каралууда

Бакай-Атадагы социалдык мекемеге жаңы имарат куруу маселеси каралууда

Финансы министрлиги Бакай-Ата районунда улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар жашаган социалдык мекемеге камкордук көрсөтүп, жаңы имарат куруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекемеде учурда 78 адам - 34 аял жана 44 эркек жашайт. Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекемеге барып, жашоочулар менен жолугушуп, алардын шарттары жана муктаждыктары менен таанышты.

Мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 20 функционалдык керебет, 60 ортопедиялык матрас, 60 бир кишилик керебет, 80 тумбочка, 40 шкаф, 40 тамактануучу стол, 80 отургуч, 80 жууркан, 80 төшөк жабуусу жана 80 жаздык тапшырылды.

Мындан тышкары, медициналык жана чарбалык керектелүүчү буюмдар, ошондой эле "Желмаян" жеңил транспорт каражаты сатып алынды.

Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган. Министрлик жаңы имарат куруу маселесин да карап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта 2 кабаттуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Сузакта 2 кабаттуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында Абдыкалык Молдоисаев атындагы №59 жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, мектеп Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

"Кыргызалтын" жана "AzerGold"  биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

"Кыргызалтын" жана "AzerGold" биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

"Кыргызалтын" ААК менен Азербайжандын "AzerGold" ЖАК компаниясы тоо-кен тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кыргызалтындын" башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов "AzerGold" ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту. Тараптар 31-июлда Чолпон-

Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарынан 7,2 млрд сом төлөдү

Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарынан 7,2 млрд сом төлөдү

Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат. Бул учурда эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмү эске алынат. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 1-сентябрына карата Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддон жалпы 246 миң 866 жаранга 7 млрд 208,5 млн сом төлөнгөн.

Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен 15–18-сентябрь күндөрү Кореяга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Сапардын негизги иш-чараларынын бири - "Борбордук Азия - Корея" биринчи саммитине катышуу. Саммиттин жыйынтыгында Сеул декларациясын кабыл алуу пландалууда. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кореянын