Бишкекте мурдагы борбордук мечиттин имараты бузулуп, кайрадан салынышы күтүлүүдө

Бишкекте мурдагы борбордук мечиттин имараты бузулуп, кайрадан салынышы күтүлүүдө

Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсү, 55 дарегинде жайгашкан Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мурдагы борбордук мечиттин имаратын демонтаждоо иштери башталды. Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, учурда жумушчулар имараттын негизги бөлүгүн бузуп, аймакта оор техника иштеп жатат.

Мечитти толугу менен жаңылоо планы тууралуу 2026-жылдын март айында белгилүү болгон. Анда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге долбоор мечитке келгендер менен жолугушуу учурунда тааныштырылган.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурдагы имарат авариялык абалда болуп, аны оңдоп-түздөө мүмкүн эмес деп табылган. Ошондуктан имаратты толугу менен бузуп, ордуна жаңы мечит куруу чечими кабыл алынган.

Долбоор боюнча жаңы мечит эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 5 851,3 чарчы метрди түзөт. Намаз окуу залынын аянты бир убакта 4 200 адамга чейин кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы имаратта намаз окуу жайларынан тышкары, жер алдындагы унаа токтотуучу жай, административдик бөлмөлөр, даарат алуу жайлары, кампалар, кафе жана дүкөнчөлөр каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media