ЕАЭБде жыгач таңгактарга байланыштуу талаптар жеңилдетилди

ЕАЭБде жыгач таңгактарга байланыштуу талаптар жеңилдетилди

Евразия экономикалык биримдигинде жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды ташууга байланыштуу талаптар жеңилдетилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2026-жылдын 9-сентябрында ЕАЭБдин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу карантиндик продукциялардын, жүктөрдүн, материалдардын жана товарлардын тизмесине өзгөртүү киргизүү боюнча чечим кабыл алды.

Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев катышты.

Кабыл алынган чечимге ылайык, жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык тиешелүү фитосанитардык иштетүүдөн өткөн жана эл аралык маркировкасы бар болгон учурда фитосанитардык сертификат менен милдеттүү түрдө коштолуудан бошотулат.

Буга чейин мындай материалдарда эл аралык маркировка болгон күндө да кошумча фитосанитардык сертификатты тариздөө талап кылынган. Жаңы тартип бул талапты жоюуга мүмкүндүк берет.

Мындай өзгөртүү ишкерлер үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, керектүү документтердин санын азайтууга жана жүктөрдү тариздөөгө кеткен убакытты кыскартууга шарт түзөт. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда товарларды ташууну жеңилдетүүгө багытталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы талап фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтпөйт. Анткени эл аралык маркировка жыгачтан жасалган таңгактоочу же бекитүүчү материалдын белгиленген эл аралык талаптарга ылайык фитосанитардык иштетүүдөн өткөндүгүн тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media