Эскертүү! 16-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ичүүчү сууну пландуу өчүрүү 15-сентябрдан 16-сентябрга жылдырылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.
Өчүрүү Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакты, ошондой эле "Алтын-Ордо", "Кара-Жыгач" жана "Полицейский городок" конуштарын камтыйт. Ишкана жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.