“Кара-Балта сууканалы” МИна - 28 миң сом айыппул салынды

“Кара-Балта сууканалы” МИна - 28 миң сом айыппул салынды

“Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды топтоочу жайынан жана “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы калдыктарды агызган жерден такай жагымсыз жыт чыгып турат – деген даттануу менен Кара-балтанын тургуну Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Жарандын арызына ылайык, жыт абаны булгап, жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жаткандыктан, алар коопсуз айлана-чөйрөгө жана ден соолукту сактоого болгон тургундардын укугун коргоп берүүгө муктаж болушкан.

Бул боюнча Акыйкатчы Институту Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кат жөнөтүп, арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган.

Ага ылайык, “Кара-Балта сууканалына” айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамын бузганы үчүн 28 миң сом айыппул салынды. Ал эми “Кара-Балта спирт заводу” менен түшүндүрүү иштери жүрүп, алар жыл аягына чейин абаны тазалоочу аппараттарды орнотмой болушту.

Мындан тышкары окуңуз

Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларда 200дөн ашуун энергетик нөөмөттө турду

Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларда 200дөн ашуун энергетик нөөмөттө турду

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган Талас облусундагы майрамдык иш-чаралар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, энергетикалык тутумда авариялык кырдаалдарга жол берилбестен өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулган. Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы менен облустагы энергетикалык ишканалар

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча улуттук система бааланат

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча улуттук система бааланат

Бүгүн "Ынтымак Ордодо" кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 18-жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, комиссиянын мүчөлөрү жана

ЕАЭБде жыгач таңгактарга байланыштуу талаптар жеңилдетилди

ЕАЭБде жыгач таңгактарга байланыштуу талаптар жеңилдетилди

Евразия экономикалык биримдигинде жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды ташууга байланыштуу талаптар жеңилдетилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2026-жылдын 9-сентябрында ЕАЭБдин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу карантиндик продукциялардын, жүктөрдүн, материалдардын жана товарлардын тизмесине өзгөртүү киргизүү боюнча

Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 11 пайызга өстү

Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 11 пайызга өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-август айларында ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 1 триллион 396,8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 %га өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, отчеттук мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 108,8