Кырчында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн аймак калыбына келтириле баштады

Кырчында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн аймак калыбына келтириле баштады

Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда пайдаланылган аймактарды калыбына келтирүү боюнча атайын экологиялык акция болуп өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, бул иштер 12-сентябрда Кырчын капчыгайында кыртышты жана өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү боюнча биргелешкен экологиялык акцияга - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын адам катышты.

Акциянын жүрүшүндө жергиликтүү климатка ылайыкташкан көп жылдык шалбаа чөптөрүнүн жана эндемикалык өсүмдүктөрдүн уруктары себилип, тиешелүү агротехникалык иштер жүргүзүлдү.

Акциянын негизги максаты — Кырчын жайлоосунда көчмөндөр оюндары учурунда пайдаланылган жерлердин топурагын жана өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар