Кыргызстан ТМУ өлкөлөрү менен киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт

Кыргызстан ТМУ өлкөлөрү менен киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр менен киберкылмыштуулукка, трансулуттук баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөшүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу багыттарында кызматташууну күчөтөт.

Бул маселелер Казакстандын Түркстан шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Кеңешинин 5-жыйынында талкууланды. Жыйынга Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары — Аскер прокурору К.К. Байдылдаев катышты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлагандай, жолугушууда кибералдамчылык жана башка киберкылмыштарга каршы аракеттенүү, санариптик далилдер менен иштөө, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган активдерди кайтаруу маселелери каралды. Анын жыйынтыгында тиешелүү протокол кабыл алынып, ТМУга мүчө мамлекеттердин прокуратура органдарынын мамлекеттик айыптоону колдоо жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары, Байдылдаев Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 7-жолугушуусуна да катышты.

Анда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо маселелери талкууланды. Кыргыз тарап бул багыттагы улуттук тажрыйбасы менен бөлүшүп, прокуратура органдарынын практикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар