Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча улуттук система бааланат

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча улуттук система бааланат

Бүгүн "Ынтымак Ордодо" кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 18-жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Адылбек Касымалиев жыйынды ачып жатып, өлкөнүн кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча улуттук системасын өз ара баалоонун үчүнчү айлампасы маанилүү этап экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан улуттук системага объективдүү жана ар тараптуу баа берүүгө ачык.

Ал мамлекеттик башкарууну чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктары бойдон каларын белгиледи. Бул багытта мыйзамдык база өркүндөтүлүп, виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн жөнгө салган укуктук база түзүлгөн.

Ошондой эле көмүскө экономиканы кыскартууга жана экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга багытталган чаралар көрүлүүдө. Салык жана бажы тармагын санариптештирүү да бул иштердин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын ИДПсы 11,1 %га өсүп, болжол менен 2 трлн сомго жеткен. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан башкарылган салыктар жана төлөмдөр 2021-жылдагы 106 млрд сомдон 2025-жылы 308 млрд сомго чейин, ал эми бажы түшүүлөрү 47 млрд сомдон 157 млрд сомго чейин көбөйгөн.

Жыйында Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа жана кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча 2026–2030-жылдарга мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу маселелери да каралды.

Мындан тышкары, Кыргызстанга болгон баалоо миссиясынын программасы сунушталып, өз ара баалоонун үчүнчү айлампасына даярдык көрүү, тобокелдиктерди башкаруу, бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтарды берүү жана иш жүргүзбөгөн юридикалык жактарды жоюу маселелери талкууланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар