Кыргызстанда үч көмүр кени ишке кирди
12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Кыргызстанда үч көмүр кени - "Тегене", "Бел-Алма" жана "Торпу" ишке киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ААКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, "Тегене" көмүр кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан. Кендин көмүр кору 57,077 млн тоннаны түзөт. Көмүр Д маркасына кирет, анын жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү 7 336 ккал/кг.
"Бел-Алма" жана "Торпу" көмүр тилкелери Ош облусунда жайгашкан. Аларды "Кыргызкөмүр" ААК ачык ыкма менен өздөштүрөт.
Көмүр кендеринин ишке кириши өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.