Ошто 20 жылдан бери чечилбей келген газдаштыруу маселеси кайра жанданды
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында көп жылдан бери токтоп турган газдаштыруу иштери кайра жанданды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аймакка 2 чакырымга жакын магистралдык газ түтүгү тартылды. Курулуш иштерин "Газпром" ЖЧКсынын филиалынын "Ош шаардык газ" ишканасы жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Жапалак аймагын газдаштыруу иштери 2008-жылы башталып, ошол учурда 7 чакырымга жакын газ түтүгү тартылган. Бирок долбоор толук аяктабай, иштер токтоп калган.
Учурда шаар мэринин демилгеси менен газдаштыруу иштери кайра улантылууда. Магистралдык газ түтүктөрүн тартуу иштери аяктагандан кийин Жапалактагы ички көчөлөргө газ түтүктөрү тартылып, турак үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери башталат.