Ошто мөмө-жемиштерди тоңдуруучу борбор ачылды
Ош облусунун Төлөйкөн айылында "Азия Органикс" ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо багыты боюнча соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Борбор "Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Айыл чарба жана Экономика министрликтеринин катышуусунда Дүйнөлүк банктын каржылык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Жаңы инфраструктуралык объект айыл чарба продукциясынын сезондук түшүмүн сактоого, анын коромжу болушун азайтууга жана фермерлер үчүн сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетип, кошумча наркы жогору продукцияны экспорттоого шарт түзөт.