Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен 15–18-сентябрь күндөрү Кореяга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Сапардын негизги иш-чараларынын бири - "Борбордук Азия - Корея" биринчи саммитине катышуу. Саммиттин жыйынтыгында Сеул декларациясын кабыл алуу пландалууда.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Расмий сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактардагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомун кабыл алуу каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар