Садыр Жапаров: Сыйлык - элге эмгеги сиңгендерге мамлекеттин ыраазычылыгы

Садыр Жапаров: Сыйлык - элге эмгеги сиңгендерге мамлекеттин ыраазычылыгы

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы сыйлык тапшыруу аземинде мамлекеттик сыйлыктар элге эмгеги сиңген инсандарга мамлекеттин жогорку урматы жана ыраазычылыгы экенин белгиледи.

"Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, рухий-адеп-ахлактык тарбия берүүдө, улуттук биримдикти бекемдөөдө, тигил же бул тармактын өнүгүшүнө салым кошууда өзгөчөлөнгөн мыктыларыбыздын мээнети сөзсүз бааланышы абзел. Сыйлык - бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарына карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы!" - деди Садыр Жапаров.

Президент мамлекеттик сыйлыктарды берүү системасы жаңыртылып, алардын саны оптималдаштырылганын белгиледи.

"Жаңы мыйзамга ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап татыктуу адамга гана берилиши керек деген принцип катуу кармалышы кажет", - деди ал.

Сыйлык алгандардын арасында маданият жана искусство, илим жана билим берүү, журналистика, медицина жана башка тармактардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстанды эл аралык деңгээлде татыктуу таанытып жаткан жаш адистер бар. Мамлекет башчысы алардын эмгеги жаш муун үчүн үлгү болушу керектигин айтып, мамлекетти мындан ары да биргелешип чыңдоого чакырды.

"Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге басалы! Биримдигибиз бекем болсо, алдыга койгон улуу максаттарга сөзсүз жетебиз!" – деп баса белгиледи президент.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media