Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарынан 7,2 млрд сом төлөдү

Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарынан 7,2 млрд сом төлөдү

Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат. Бул учурда эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмү эске алынат. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 1-сентябрына карата Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддон жалпы 246 миң 866 жаранга 7 млрд 208,5 млн сом төлөнгөн. Анын ичинен пенсия курагына жеткен 213 миң 979 адамга 3 млрд 568 млн сом берилген.

Мындан тышкары, чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткен 4 миң 713 адамга 272,1 млн сом, каза болгон камсыздандырылган жарандардын 13 миң 241 мураскоруна 433,7 млн сом төлөнгөн. Ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртууга, оор ооруларды дарылоого жана башка белгиленген багыттарга пенсиялык топтоо каражаттары берилүүдө.

Оор оорулары бар 1 миң 46 жаранга 170 млн сом, ал эми расмий катталган 544 жумушсузга 8,3 млн сом төлөнгөн. Социалдык фонд жарандарды ар кандай шарттарда колдоо максатында пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media