Ысык-Көлдө айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү кеңейүүдө

Ысык-Көлдө айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү кеңейүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген кооперативдердин жана ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө "Ак-Суу органик" кооперативине барып, анын иши менен таанышты. Кооператив органикалык таза продукциялардан кыям, табигый чөптөрдөн чай, ошондой эле жүндөн кийиз жана башка буюмдарды өндүрөт.

Ошондой эле "Ак-Суу Агроплюс" кооперативинин ишмердүүлүгү каралды. Кооператив органикалык таза сүт азыктарын жана картошка өндүрөт. Учурда анын 10 мүчөсү бар. Кооперативдин өкүлдөрү өндүрүштү кеңейтүү максатында кошумча айдоо жерлерин ижарага алуу маселесинде көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Министрдин орун басары бул маселе мыйзам талаптарына ылайык караларын билдирди.

Мындан тышкары, Рысгүл Акимжанова "Ак-Жалга" ЖАКынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишканада учурда суткасына 40 тонна сүт кайра иштетилип, сыр, быштак, каймак жана башка сүт азыктары өндүрүлөт.

Иш сапардын алкагында "Кредо Бак" кооперативинин иши да каралды. Кооператив өрүктөн шербет өндүрүү менен катар мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч жайды иштетет.

Жолугушууларда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media