Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды

Бүгүндөн баштап 18-сентябрга чейин Бишкек шаарында Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды

Бүгүндөн баштап 18-сентябрга чейин Бишкек шаарында Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, ири кесиптик иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүүгө жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чарага Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышат. Төрт күндүн ичинде Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар уюштурулат.

Мындан тышкары, адистер бейтаптарга консультация берип, татаал учурларды биргеликте талкуулашат жана биргелешкен операцияларды өткөрүшөт. Иш-чаралар академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында, Улуттук онкология жана гематология борборунда жана Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтөт.

Ал эми 15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иштейт. Калкка медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы ҮДТда жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылындагы ҮДТда көрсөтүлөт.

Казакстандык адистердин катышуусу медицинанын түрдүү багыттарындагы тажрыйбаны бөлүшүүгө, жаңы ыкмаларды талкуулоого жана эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media