Бүгүн Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталды

Салттуу түрдө 1-сентябрда окуу жылынын башталбай калгандыгынын себебин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитине жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесине байланыштырган.

Бүгүн Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталды

Бүгүн Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылы жалпы билим берүү уюмдарында башталды. Салттуу түрдө 1-сентябрда окуу жылынын башталбай калгандыгынын себебин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитине жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесине байланыштырган.

Окуу программаларынын жана окуу пландарынын толук өздөштүрүлүшүн камсыз кылуу максатында окуу процессине айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Ага ылайык, башталгыч класстар үчүн салттуу беш күндүк окуу режими өзгөрүүсүз сакталат. Ал эми жогорку класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө кошумча сегиз окуу ишемби күндөрү уюштурулат. Бул болжол менен айына бир жолу ишемби күнү сабак өтүлөрүн билдирет.

Бишкек шаарында биринчи класска 23,8 миңден ашык окуучу кабыл алынган. Алардын ичинен 12,7 миңге жакыны кыргыз тилинде, ал эми 11,2 миңден ашууну орус тилинде билим берүүчү класстарга катталган. Борбор калаада учурда дагы 2,5 миң орун бош калууда.

Окуу жылынын башталышы менен Бишкек шаарынын көчөлөрүндө автоунаалардын тыгыны күчөгөнү байкалууда. Ушундан улам Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана балдардын жолдогу коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Айрыкча мектептерге жакын аймактарда унаа башкарууда ылдамдык режимин сактап, жөө жүргүнчүлөргө жол берүү жана жол кыймылынын бардык катышуучуларына этият мамиле кылуу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media