ИИМ: чет өлкөлүк жарандарды КРда белгиленген талаптарды так сактоого чакырат

ИИМ: чет өлкөлүк жарандарды КРда белгиленген талаптарды так сактоого чакырат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды өлкөдө болуунун жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн белгиленген талаптарын так сактоого чакырат. Кыргызстанда мыйзамдуу иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө тийиш.

Алар жашаган жери боюнча өз убагында каттоодон өтүүгө жана тиешелүү документтердин мөөнөтүн өз убагында узартууга милдеттүү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлагандай - студенттик, туристтик, ишкердик жана "Сапар" визалары менен келген чет өлкөлүк жарандарга эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жол берилбейт. Ошондой эле чет өлкөлүк жаран Бирдиктүү уруксатта көрсөтүлгөн иш берүүчүдө гана иштөөгө укуктуу.

Ал эми миграциялык талаптарды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке жана айып пул салууга алып келет.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, каада-салтын жана маданиятын урматтап, коомдук тартипти сактоого чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media