DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып пилоттук негизде киргизилген SCAFFOLD методологиясынын жыйынтыктары тааныштырылды. SCAFFOLD - педагогдорду жана окуучуларды колдоого багытталган, кесиптик жана негизги компетенцияларды өнүктүрүүгө жардам берген заманбап окутуу методологиясы.

Жолугушууга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан боюнча өлкөлүк координатор жана Кыргызстандын билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору катышты.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, учурда методология 5 кесиптик лицейде апробацияланып, 1 868 педагог окутуу жана методикалык колдоо менен камтылган. Ошондой эле 7 800дөн ашуун окуучу тартылып, өлкөнүн жети облусунда 200дөн ашуун окутуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

 Тараптар SCAFFOLD методологиясын бардык кесиптик лицейлерде жайылтуу, педагогдордун жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин компетенцияларын өнүктүрүү, компетенттүүлүккө багытталган жана жумуш ордунда окутууну өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү долбоордун жыйынтыктарын туруктуу негизде улантуу жана кесиптик даярдыкты эмгек рыногунун талаптарына ылайык жакшыртуу маанилүү экенин белгилешти.

DARYA — Борбордук Азиядагы жаштарды колдоого багытталган Европа Биримдигинин тарыхындагы алгачкы аймактык долбоор. Ал жаштарды коомго аралаштырууга жана эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралар аркылуу колдоо көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media