Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда
Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады.
Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө жана токойлорду калыбына келтирүүгө пайдаланылат.