Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар. Техникаларды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов куткаруучуларга тапшырды.
ӨКМ министри Канатбек Чыныбаев куткаруу кызматын техникалык жактан камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн Бакытбек Жетигеновго ыраазычылык билдирди.
Жаңы техника тоолуу аймактарда жана суу объектилеринде издөө-куткаруу иштерин ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.