Бишкекте үч эм төрөлдү
Бишкек шаардык перинаталдык борборунда бүгүн кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
26 жаштагы шаар тургуну 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен ооруканага жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү.
Маалыматка ылайык, үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү.
Учурда эненин жана балдардын абалы канааттандырарлык.