Мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объект мамлекетке кайтарылды
Аламүдүн районунда мурдагы почта бөлүмү мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталып, муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун прокуратурасынын текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 2009-жылы А.Сыдыков айыл аймагынын токтомунун негизинде Васильевка айылындагы мурдагы почта бөлүмү 1 341,2 чарчы метр жер тилкеси менен бирге А.К. аттуу жаранга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды.


