Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери менен жолугушту

Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери менен жолугушту

Мамлекет башысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикери Чо Чжон Шик менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланды. Мамлекет башчысы парламенттер аралык байланыштарды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн депутаттык топтору жана тиешелүү комитеттеринин кызматташуусун активдештирүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров ошондой эле Кореяда иштеген кыргызстандыктарга байланышкан маселелерге токтолду. Анын айтымында, мекендештердин санынын өсүшүнө байланыштуу социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча мамлекеттер аралык келишимди тез арада даярдап, кол коюу зарыл.

Президент "Борбордук Азия - Корея Республикасы" форматындагы парламент спикерлеринин кийинки жолугушуусун Бишкекте өткөрүүгө Кыргызстан даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Чо Чжон Шик парламенттер аралык диалог эки өлкөнүн жакындашуусунда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары жасалма интеллект, алдыңкы технологиялар, энергетика жана саламаттык сактоо тармактарын атады.

Спикер Кыргызстанда кореялык компанияларды колдоо максатында KOTRAнын өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатканын да билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Чо Чжон Шикти Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Корея парламентинин спикери чакырууну кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media