YUTONG үлгүсүндөгү жаңы автобустар каттамга чыга баштады

YUTONG үлгүсүндөгү жаңы автобустар каттамга чыга баштады

Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен шаарга кондиционер менен жабдылган, узундугу 12 метр болгон YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алып келинген. Учурда бул автобустар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.

Шаардык мэриядан билдиргендей, бүгүн таңкы саат 5:00дөн тарта алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү. Ал эми №153 каттамга жаңы YUTONG автобустары чыга баштады.

Билдирүүгө караганда, жакынкы убакта калган YUTONG автобустары да этап-этабы менен каттамга чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөт.

Жаңы автобустарды акырындык менен каттамдарга чыгаруу шаардык каттамдардагы заманбап коомдук транспорттун санын көбөйтүүгө, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды