Жумгалдын Көк-Ой айылына таза суу жеткирилди

Жумгалдын Көк-Ой айылына таза суу жеткирилди

Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылына таза суу жеткирилди. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" (ADI) билдирди.

Маалымдалгандай, 2 770ге жакын тургун жашаган айылга тоо булагынан 4 чакырым аралыкка суу түтүктөрү тартылды. Ишке керектүү материалдарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 818 миң сом бөлүнүп, суу түтүктөрүн тартууга 40 айыл тургуну тартылган. Алардын ар бирине эмгеги үчүн 300 килограмм ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилген.

Долбоор Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен "Эмгек үчүн азык-түлүк жардам" долбоорунун алкагында ишке ашырылган. ADI бул долбоордун Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарындагы өнөктөшү болуп саналат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media
Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 166 миллион сомду түздү. Курулушту министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөгөн. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары,

Ишкер Media