Айыл чарба министрлиги "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясын тааныштырды
Бүгүн Айыл чарба министрлигинде дыйкандар үчүн "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда платформада жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу жана жеңилдетилген насыяга онлайн арыз берүү сыяктуу кызматтар санариптештирилди.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, келечекте маалымкаттарды, лицензияларды, сугат суусу жана дотациялык үрөндөр боюнча кызматтарды да электрондук форматка өткөрүү пландалууда.
Ошондой эле фермерлер, жер тилкелери, жаныбарлар жана техника боюнча бирдиктүү реестр түзүлөт. Бул маалыматты кайталап талап кылууну азайтат. Учурда тиркеме тесттик режимде иштеп жатат.