Ата-энелер медициналык маалымкаттарды эми электрондук түрдө бере алат

Ата-энелер медициналык маалымкаттарды эми электрондук түрдө бере алат

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар электрондук форматка өтүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, эми аларды "Түндүк" тиркемеси аркылуу мектеп жана бала бакчага берсе болот.

095/у формасы - сабактан бошотулгандыгы тууралуу маалымкат. 24-августтан тартып ал болгону электрондук түрдө гана берилет. Мектептер кагаз түрүн талап кыла албайт.

026/у формасы - баланын ден соолугу тууралуу документ. Ал 2027-жылдын 1-январына чейин кагаз жана электрондук түрдө да бериле берет. Электрондук формасы бар болсо, кагазын талап кылуунун кереги жок.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды