Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат
Жүргүнчүлөрдүн суроо-талабын эске алып, "Кыргыз темир жолу" ишканасы Бишкек-Балыкчы багытындагы поездди кошумча каттамга чыгарат.Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, поезд 26-27-сентябрь күндөрү мурдагы график боюнча каттайт. Жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок.
Ишкана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында мындай чечим кабыл алынганын билдирди.