Китеп маселесине кошумча 7 млрд сом бөлүндү

Китеп маселесине кошумча 7 млрд сом бөлүндү

Мектептердеги китеп жетишсиздигине байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, бул көйгөй бүгүн эле пайда болгон эмес. Мурда китеп басууга жылына орточо 100 млн сом бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда эле 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Мурдагы каржылоо менен эсептегенде, мынча акчаны бөлүү үчүн 10 жылдан ашык, ал эми бардык муктаждыкты жабуу үчүн 50 жылдан ашык убакыт кетмек. Акыркы эки жылда 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылып чыкты. Бирок бул дагы жетишсиз болуп калды.

Ал ошонлой эле окуучулардын саны өсүп жатканын, өлкө 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатканын белгиледи. Бирок муну шылтоо кылууга болбой турганын, ар бир бала китеп менен камсыз болушу керектигин айтты.

Эми Агартуу министрлиги ар бир мектеп боюнча кайсы китептен канчасы жетишпей жатканын жана качан келерин сайтына ачык чыгарышы керек.

Ошондой эле базарда мамлекеттик китептер сатылып жатканы боюнча текшерүү башталды. Канча китеп басылды, кайда кетти, базарга кантип чыкты - баары текшерилип, күнөөлүүлөр жооп берери айтылды.

"Бир дагы окуучу китепсиз калбашы керек. Каражат жетишпейт деген маселе жок. Бизге шылтоо эмес, жыйынтык керек", - деп белгиленет билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media