Кыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрөт

Кыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрөт

Кыргызстан менен Корея Республикасы интеллектуалдык менчик жаатында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө макулдашты. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сеул шаарында Илим министри Гульзат Исаматова менен Кореянын Интеллектуалдык менчик министри Ким Ён Сон жолугушту. Жолугушуу июль айында Женевада өткөн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Ассамблеясында жетишилген макулдашуунун уландысы болду.

Тараптар улуттук системаны санариптештирүү, электрондук кызматтарды өнүктүрүү, патенттик маалыматтарды башкаруу жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерин талкуулашты.

Гульзат Исаматова корей тарапка 7-11-сентябрь күндөрү кыргыз адистери үчүн уюштурулган окуу программасы үчүн ыраазычылык билдирди. Анда кыргызстандык адистер Кореянын санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен таанышкан.

Ошондой эле университеттерде интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана IP Sharing Projects программасы боюнча биргелешкен демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда эки министрлик ортосунда комплекстүү кызматташуу боюнча кол коюлган Меморандумдун нускалары менен алмашуу болду. Кыргыз тарап аны ишке ашыруу үчүн биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media