Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу болуп өттү

Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу болуп өттү

Балыкчы шаарында Кыргызстан менен Орусиянын Биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасынын нөөмөттөгү күчтөрүнүн штабдык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда өттү. Машыгуунун жүрүшүндө штабдык машыгуунун жыйынтыктары угулуп, катышуучулар аткарылган иштерди жыйынтыктап, абадан коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Машыгуу бекитилген планга ылайык өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгууга жана башкаруу органдарынын, ошондой эле Биргелешкен абадан коргонуу системасынын нөөмөттөгү күчтөрүнүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берди.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүүнүн багыттары аныкталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media