Кыргызстан менен PIOLINK киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койду
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров PIOLINK компаниясынын президенти Ян Чхоль Чо менен жолугушту. Бул тууралуу агенттик билдирди.
Жолугушууда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды.
"Санариптик инфраструктура өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун маанилүү бөлүгү. PIOLINK менен кызматташтык технологиялык базаны чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө өбөлгө түзөт", - деди Сабиров.
Тараптар Кыргызстанда санариптик трансформация жана заманбап чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Жыйынтыгында Улуттук инвестиция агенттиги менен PIOLINK ортосунда санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.