Ош шаарынын күнүнө карата ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду

Ош шаарынын күнүнө карата ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду

5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата "Төлөйкөн" ат майданында Ош шаарынын мэринин кубогу өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду. Жарышта 3 аралык боюнча күч сынашат:


• Батакур чабыш – 6 000 метр:

1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 30 000 сом, 3-орунга 10 000 сом;

• Кунан чабыш – 12 000 метр:

1-орунга автоунаа, 2-орунга 100 000 сом, 3-орунга 50 000 сом;

• Аламан чабыш – 25 000 метр:

1-орунга автоунаа, 2-орунга 150 000 сом, 3-орунга 80 000 сом.

Мындан тышкары, 2-октябрдан 5-октябрга чейин Ош облусунун райондор аралык көк бөрү оюндары болот.Мэрия бардык тургундарды жана конокторду чоң майрамга күбө болууга чакырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды