Ысык-Көлдө "Ак Суу" туризм лицейинин алгачкы окуу жылы башталды

Ысык-Көлдө "Ак Суу" туризм лицейинин алгачкы окуу жылы башталды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда "Ак Суу" Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейинде алгачкы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

"Билим аркылуу бийиктиктерге" аттуу иш-чарага окуучулар, ата-энелер, педагогдор жана иш берүүчүлөр жана өнөктөштөр катышып, лицейдин концепциясы жана туризм тармагындагы кесиптер менен таанышты.

"Биздин лицей үчүн бул жөн гана сабактардын башталышы эмес, жаңы билим берүү жамаатынын жаралышы. Ар бир окуучу өзүнүн маанилүүлүгүн сезип, тандаган кесибинин келечегин көрүшүн каалайбыз. Билим, урматтоо, кызматташтык жана айлана-чөйрө үчүн жоопкерчилик адамга чыныгы бийиктиктерди багындырууга жардам берет", - деди лицейдин директору Банур Абдиева.

Иш-чарада тематикалык станциялар уюштурулуп, катышуучулар билим берүү, кесиптик багыт, коопсуздук жана инсандык өнүгүү боюнча интерактивдүү сабактарга катышты.

Белгилей кетсек, жаңы лицей өлкөнүн туризм индустриясы үчүн кадрларды даярдоодо негизги борбор болууну көздөйт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды