Агартуу министрлиги: Жеке мектептердин окуу акысын биз белгилебейбиз
Агартуу министрлиги жеке менчик мектептердеги окуу акысынын өлчөмүн белгилебейт жана жөнгө салбайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 55-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын баасы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат. Окуу акысынын өлчөмү жана төлөө шарттары мектеп менен ата-энелердин ортосундагы келишимде көрсөтүлөт.
Мыйзамга ылайык, жеке мектептердин билим берүү кызматтары мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.
Ал эми мамлекеттик мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү акысыз жүргүзүлөт. Баланы жеке мектепке берүү - ата-эненин жеке тандоосу.
Министрлик ошондой эле жеке мектептердин өнүгүүсү үчүн лицензия берүү жеңилдетилгенин белгиледи.