Бишкекте ЕАЭБдин экспорттук-кредиттик агенттиктеринин жыйынынын финалдык күнү өтүүдө
Бишкек шаарында 21-22-сентябрда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттук-кредиттик агенттиктеринин өкүлдөрүн бириктирген эл аралык иш-чаранын финалдык күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күндүн башкы темасы - "Экспорттук-кредиттик камсыздандыруу механизмдерин өркүндөтүү: андеррайтинг, тариф саясаты жана ЭКАны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары.
Экинчи күндүн программасы 3 негизги сессияга бөлүнгөн:
• 4-сессия - ЭКАнын продуктулары жана портфели. Эксперттер портфелдердин түзүмүн, жаңы тармактар үчүн камсыздоону жана чийки заттык эмес экспортту колдоону талкуулашууда.
• 5-сессия - Андеррайтинг жана тарифтер. Тобокелдиктерди баалоонун жаңы ыкмалары жана камсыздандыруу тарифтерин түзүү маселелери каралууда.
•6-сессия - Сабактар жана ЭКАнын келечеги. Агенттиктердин калыптануусундагы тажрыйбалар жана алдыдагы жылдардагы өнүгүү тренддери талкууланат.