Курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганарга 200 000 сом айып салынды

Курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганарга 200 000 сом айып салынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарынын, Фрунзе көчөсү 176 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайды текшерүү жүргүзүп, бир катар мүчүлүштүктөрдү табышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жергиликтүү тургундун кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлүп, андан адистер курулуш ченемдеринин талаптары сакталбагандыгын, курулуш калдыктары коңшу аймакка түшүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгын аныкташкан.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн “Бийком” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана коопсуздук талаптарын камсыз кылуу боюнча белгиленген мөөнөттө тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media