Кыргызстан WorldSkills Shanghai 2026 чемпионатына 7 багытта катышууда

Кыргызстан WorldSkills Shanghai 2026 чемпионатына 7 багытта катышууда

Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Шанхай шаарында 22-27-сентябрда өтүп жаткан WorldSkills Shanghai 2026 дүйнөлүк чемпионатына катышып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, мелдеш Улуттук көргөзмө жана конгресс борборунда өтүүдө. Чемпионатка 68 өлкөдөн 1 385 жаш адис катышууда, сынактар 64 компетенция боюнча өткөрүлөт.

Кыргызстан быйыл 7 багыт боюнча катышууда:

• Ширетүү технологиялары - Марлен Максатов

• Кулинардык искусство – Эльдар Омушев

• Мода технологиялары – Ханифа Сыргакова

• Өнөр жай дизайны – Биназир Мавлянова

• Графикалык дизайн – Мелисса Омурзакова

• Веб-технологиялар – Бекнур Жееникулов

• Мобилдик тиркемелер – Акай Аваскулов

Команданын катышуусу Агартуу министрлиги жана WorldSkills Kyrgyzstan фонду тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргызстан WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болгон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)

2027-жылдын бюджетинде кайсы тармактарга канча каражат каралды?

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту