Бишкек, Ош шаарларында 22 млн долларга фарм-логистика комплекстери курулат

Бишкек, Ош шаарларында 22 млн долларга фарм-логистика комплекстери курулат

Кыргыз делегациясынын Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызфармация" МИ менен кытайлык HUBEI TAIFU HOLDING GROUP компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалым болгондой, меморандумдун негизги багыты - Кыргызстандын фармацевтикалык логистика инфраструктурасын өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Тараптар Бишкек жана Ош шаарларында заманбап автоматташтырылган фармацевтикалык логистикалык комплекстерди куруу долбоорун талкуулашууда. Алдын ала инвестиция көлөмү 22 млн доллардын тегерегинде.

Долбоорлор автоматташтырылган жана роботтоштурулган кампа технологияларын, дары-дармектерди сорттоо жана топтоо, санарип башкаруу жана сактоо шарттарын көзөмөлдөөнү камтыйт.

Жаңы комплекстер улуттук фармацевтикалык логистика системасынын бир бөлүгү болуп, дары-дармектерди GDP стандарты боюнча сактоону жана аймактарды үзгүлтүксүз камсыздоону камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media
Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манаста 166 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 166 миллион сомду түздү. Курулушту министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөгөн. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары,

Ишкер Media